КӨЛЧҮКЧҮЛӨР
КӨЛЧҮКЧҮЛӨР (Iymnaeidae) - омурткасыз жаныбарлардын моллюскалар тибиндеги курсак
буттуулар классы. Дүйнөдө 500 ОООден ашык
түрү бар 3 классчага; (алдыңкы бакалоордуулар,
арткы бакалоордуулар, өпкөлүүлөр) бөлүнөт.
Булар көлчүктө, көлдө, дарыянын жай аккан
жеринде кездешет. Денеси тулку бою, баш ж-а
буттан турат. Үлүл кабыгынын тешиги аркылуу башын, тулкусунун алдыңкы бөлүгүн ж-а
бутун гана чыгара алат. Тулкусу сыртынан мантия м-н капталган. Тулкусунун алды жагында
башы, жуп тинтүүрү, көзү жайгашкан. Өпкөсү
м-н дем алат. Нерв түйүндөрү, сезүү органы, тамак сиңирүү, дем алуу, кан айлануу (туюк эмес),
бөлүп чыгаруу, көбөйүү органдары жакшы өнүккөн. Гермафродиттер. Чоңдугу бир нече смден
65-70 смге (кадимки көлчүк үлүлү) жетет. К.
суу алдындагы бир нерсеге узун жип сымал
кылып жабыштырып, жумурткасын таштайт.
Өсүмдүк м-н азыктанат. Көпчүлүгү мите курттардын (жалпак, тасма ж. б.) аралык ээси болуп, жаныбар ж-а адамга зыян келтирет.