КӨЛБАЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨЛБАЕВ Кусеин (25. 11. 1908, Чүй обл., Аламү­дүн району, Көк-Жар айылы – 18. 02. 1981, Фрун­зе) –

көрүнүктүү мамл. ж-а коомдук ишмер. Кыр­гыз ССРинин эл чарбасынын автожол тарма­гын түзүүчүлөрдүн бири. Калинин (Тверь ш.) пед. (1930) ж-а Ленинград жол ж-а катнаш (1935) ин-ттарын бүтүргөн. 1935–38-ж. «Памиркуру­лушта» инженер-прораб, жол курулуш участкасынын башчысы, Фрунзе – Ош ав­тожол куруу башкармасы­нын өндүрүш-тех. бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1938-ж. Кырг-н КП БКнын 2-секретары, 1939–43-жыл­дары Автомобиль транспорт эл комиссары. Кыргыз ССР ЭКСтин Советинин төрагасы (1943–47), Кыргыз ССР А. ч. министринин 1-орун басары (1947–48), Коммуналдык чар­ба министри (1948–53), Авто­мобиль транспорт ж-а шоссе жол министри (1953–71) бо­луп эмгектенген. К. жетекте­ген мезгилде Фрунзе – Ош, Фрунзе – Каракол ж. б. көп­төгөн автомобиль жолдору, Бишкектеги чыгыш автобе­кети, Кыргыз жол транспорт долбоорлоо ин-ту, Кыргыз жол-транспорт ж-а шоссе жолдор министрлигинин имараты ж. б. ири ку­рулуштар бүткөрүлгөн. 1971-жылдан өмүрүнүн акырына чейин респ-нын Автожол министрли­ги тармагында иштеген. Ал Кыргыз ССР Жо­горку Советинин депутаты (1959, 1963, 1967) бо­луп шайланган. Бишкек автожол окуу жайы­на, Бишкек ш-нын бир көчөсүнө, Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашуудагы тешкен тоого (тон­нелге) К-дин ысмы ыйгарылган. 4 Эмгек Кы­зыл Туу, 2 «Ардак белгиси» ордендери ж-а ме­далдар м-н сыйланган.

Б. Бегалиева.