КӨЛБАЕВ
КӨЛБАЕВ Кусеин (25. 11. 1908, Чүй обл., Аламүдүн району, Көк-Жар айылы – 18. 02. 1981, Фрунзе) –

көрүнүктүү мамл. ж-а коомдук ишмер. Кыргыз ССРинин эл чарбасынын автожол тармагын түзүүчүлөрдүн бири. Калинин (Тверь ш.) пед. (1930) ж-а Ленинград жол ж-а катнаш (1935) ин-ттарын бүтүргөн. 1935–38-ж. «Памиркурулушта» инженер-прораб, жол курулуш участкасынын башчысы, Фрунзе – Ош автожол куруу башкармасынын өндүрүш-тех. бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1938-ж. Кырг-н КП БКнын 2-секретары, 1939–43-жылдары Автомобиль транспорт эл комиссары. Кыргыз ССР ЭКСтин Советинин төрагасы (1943–47), Кыргыз ССР А. ч. министринин 1-орун басары (1947–48), Коммуналдык чарба министри (1948–53), Автомобиль транспорт ж-а шоссе жол министри (1953–71) болуп эмгектенген. К. жетектеген мезгилде Фрунзе – Ош, Фрунзе – Каракол ж. б. көптөгөн автомобиль жолдору, Бишкектеги чыгыш автобекети, Кыргыз жол транспорт долбоорлоо ин-ту, Кыргыз жол-транспорт ж-а шоссе жолдор министрлигинин имараты ж. б. ири курулуштар бүткөрүлгөн. 1971-жылдан өмүрүнүн акырына чейин респ-нын Автожол министрлиги тармагында иштеген. Ал Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1959, 1963, 1967) болуп шайланган. Бишкек автожол окуу жайына, Бишкек ш-нын бир көчөсүнө, Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашуудагы тешкен тоого (тоннелге) К-дин ысмы ыйгарылган. 4 Эмгек Кызыл Туу, 2 «Ардак белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
Б. Бегалиева.