КӨК-БЕЛЕС КОРУНД КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨК-БЕЛЕС КОРУ́НД КЕНИ Баткен районунда, Калай-Макмуд суусунун башатында, деңиз деңг. 3300–3500 м бийикте. 1991-ж. табылган. Кен корунд, шпинель, клиногумит, графит, слюда, рутил, сфен ж. б. минералдар м-н минералдашкан мрамордун эндоконтактында, силур–девондун кристаллдуу сланецтери м-н кошулган жеринде жайгашкан. Кен Түн., Борб. ж-а Түш. участкаларга бөлүнгөн. Алардын ичинен эң маанилүүсү – Түн. ж-а Борб. участкалар. Кызгылт корунд минералдуу аймактын өлчөмү 80x10 мден 500x10 мге чейин жетип, линза, уя түрүндө кезигет. Кристаллдардын өлчөмү 2,5x2x1 ммден 20x18x12 ммге чейин. Болжолдуу ресурсу 55,6 кг.