КӨК-БЕЛЕС КОРУНД КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК-БЕЛЕС КОРУ́НД КЕНИ Баткен районунда, Калай-Макмуд суусунун башатында, деңиз деңг. 3300–3500 м бийикте. 1991-ж. табылган. Кен корунд, шпинель, клиногумит, графит, слюда, рутил, сфен ж. б. минералдар м-н минералдаш­кан мрамордун эндоконтактында, силур–девон­дун кристаллдуу сланецтери м-н кошулган же­ринде жайгашкан. Кен Түн., Борб. ж-а Түш. участкаларга бөлүнгөн. Алардын ичинен эң маа­нилүүсү – Түн. ж-а Борб. участкалар. Кызгылт корунд минералдуу аймактын өлчөмү 80x10 мден 500x10 мге чейин жетип, линза, уя түрүндө кези­гет. Кристаллдардын өлчөмү 2,5x2x1 ммден 20x18x12 ммге чейин. Болжолдуу ресурсу 55,6 кг.