КӨК-АЛА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨК-АЛА – Чаткал кырка тоосунун түш.-чы­гыш капталындагы көл. Ала-Б ука районунда. Каба-Сай суусунун төрүнөн орун алган. Аянты 0,84 км2, тереңдиги 100–130 м. Көл чанагы де­ңиз деңг. 2606 м бийикте жатат. Гравитация­лык жер көчкүнүн өрөөндү бөгөп калышынан пайда болгон. Жээктери зоокалуу, тик. Суусунун темп-расы 19,5–21°Сге жетет. Ноябрда тоңуп, май айында муздан арылат. Көлгө бир нече агын суу куюп, суунун бир аз бөлүгү бөгөттүн асты­нан сарыгып агып чыгат.