КӨК-АЛА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨК-АЛА – Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш капталындагы көл. Ала-Б ука районунда. Каба-Сай суусунун төрүнөн орун алган. Аянты 0,84 км2, тереңдиги 100–130 м. Көл чанагы деңиз деңг. 2606 м бийикте жатат. Гравитациялык жер көчкүнүн өрөөндү бөгөп калышынан пайда болгон. Жээктери зоокалуу, тик. Суусунун темп-расы 19,5–21°Сге жетет. Ноябрда тоңуп, май айында муздан арылат. Көлгө бир нече агын суу куюп, суунун бир аз бөлүгү бөгөттүн астынан сарыгып агып чыгат.