КӨЖӨ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨЖӨ – акталган таруудан, күрүчтөн же кесек тартылган дандан (арпа, буудай, конок, жүгөрү) эт, май же башка катык кошулуп, кайнаты­лып жасалган суюк тамак. К-го ак катыкта­лып, ысуулай да, кээде ачытылып, суусундук­ка да ичилген. К-нүн жыл ажырашта (Нооруз­да) жасалганы жыл К. же чоң К. (н о о р у з д а­м а) деп аталган. Айыл эли чогулуп, чоң казан­га жетиден кем эмес даам салып, пияз, сарым­сак сыяктуу татымалдарды кошуп, суу куюп, көпкө кайнатып бышырган. Дан азыгынын маңызы эзилип, эт сөөгүнөн шылынып, шору чыккан. К. даяр болгондо аны айылдуу айылы м-н ооз тийишкен. К. бышканча алас кылып, жыл ажыратып, жаңы жылды белгилешкен.