КОШ КАНАТТУУЛАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КОШ КАНАТТУУЛАР (Diptera) – курт-кумурскалар классынын түркүмү. Өтө бат көбөйүүчү жандык. Алдынкы канаты жакшы өөрчүгөндүктөн, К. к. деп аталат. Ал эми арткы жуп канаты өзгөрүлүп, колба сымал мүчөгө айланган. Канатсыз, өтө майда топторунун сезүү мүчөлөрү жок. Башы тегерек, татаал, чоң, жуп көзү жайгашкан. Оозу сайып сорууга же жалоого ылайыкталган. Көкүрөк муунактары бири-бири м-н биригип өскөн. Курсак бөлүгү 4–10 сегментте туруп, ургаачысынын эң арткы сегменти жумуртка тууй турган бөлүккө, эркегиники ко-

пулятивдик аппаратка айланган. Бул түркүм 2 түркүмчөгө (узун муруттуулар же чиркейлер, кыска муруттуулар же чымындар) бөлүнөт. Азыр 150дөн ашкан тукуму, 100 миңден ашык түрү кездешет. Алар өтө кеңири тарап, жакшы учат. Негизинен өсүмдүк нектары, чаңчасы, кээ бири башка курт-кумурскалар м-н азыктанып, жырткыч. Омурткалуу жаныбардын канын соруп жашоочулары да бар. Булар толук кубулуп өөрчүү жолу м-н көбөйүшөт. Личинкасы топуракта, сууда, чириген өсүмдүк калдыктарында, өсүмдүктө, жаныбарда ж-а тарпта өөрчүйт. Куурчакчасы жалган кокондо жашайт. Кээ бир түрү (үй чымыны, желимчилер, чиркейлер ж. б.) жугуштуу ооруларды таркатат. Көгөн ж. б. жаныбарларга зыянын тийгизет. Личинкасы а. ч. өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери, о. эле а. ч. жаныбарына ж-а адамга мителери да бар. Айрым К. к. өсүмдүктү чаңдаштырат, топурактын курамын байытат ж-а а. ч. өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерин жегени м-н пайдалуу.
Ад.: Нарчук Э. П. Определитель семейств двукрылых насекомых фауны России и сопредельных стран. СПб., 2003.