КИМАКТАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КИМАКТАР</b> , к и м е к т е р – | <b type='title'>КИМАКТАР</b> , к и м е к т е р – орто кылымдагы түрк урууларынын бири. Кимактар этноними алгачкы жолу 8-кылымда эскерилген. Перс тарыхчысы <i>Гар­дизинин</i> эмгегиндеги имек (имак), кытай хро­никаларында яньмо, «<i>Худуд ал-аламда</i>» киме­кия (кимакия), М. <i>Кашгариде</i> йемектер бир эт­нос катары берилген ж-а теги жагынан <i>кыпчак, кумандар</i> м-н байланышы бар болуп эсептелет. Кээ бир маалыматтарда отуз-татар, огуз-татар, огуз урууларынын бири катары берилген. 7 к­ылымда Түндүк Алтайда, Иртыш дарыясынын ортоңку агым­дарында, 9–11-кылымдарда Чыгыш ж-а Борбордук Казак­стандын аймактарында жашап, түштүгүнөн кыр­гыздар м-н чектешип турганы айтылат. Кимактардын этностук курамын эймур, имак, татар, байан­дур, кыпчак (кыбчак), ланиказ, ажмад уруула­ры түзгөн. 740–840-жылдарда <i>Уйгур кагандыгына</i> ка­рап, ал кулагандан кийин өз алдынча каган­дык болуп калган. | ||
түрк урууларынын бири. | |||
Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргыз­стана. Т. 1. Б., 2000; <i>Кумеков Б. Е.</i> Государство кима­ков IX–XI вв. по арабским источникам. А.-А., 1972; | Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргыз­стана. Т. 1. Б., 2000; <i>Кумеков Б. Е.</i> Государство кима­ков IX–XI вв. по арабским источникам. А.-А., 1972; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана / Сост. Т. Д. Джуманалиев. Т. 1. Б., 2007. | ||
Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана / Сост. Т. Д. Джуманалиев. Т. 1. Б., 2007. | |||
[[Категория:4-том, 257-306 бб]] | [[Категория:4-том, 257-306 бб]] | ||
03:54, 31 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КИМАКТАР , к и м е к т е р – орто кылымдагы түрк урууларынын бири. Кимактар этноними алгачкы жолу 8-кылымда эскерилген. Перс тарыхчысы Гардизинин эмгегиндеги имек (имак), кытай хроникаларында яньмо, «Худуд ал-аламда» кимекия (кимакия), М. Кашгариде йемектер бир этнос катары берилген ж-а теги жагынан кыпчак, кумандар м-н байланышы бар болуп эсептелет. Кээ бир маалыматтарда отуз-татар, огуз-татар, огуз урууларынын бири катары берилген. 7 кылымда Түндүк Алтайда, Иртыш дарыясынын ортоңку агымдарында, 9–11-кылымдарда Чыгыш ж-а Борбордук Казакстандын аймактарында жашап, түштүгүнөн кыргыздар м-н чектешип турганы айтылат. Кимактардын этностук курамын эймур, имак, татар, байандур, кыпчак (кыбчак), ланиказ, ажмад уруулары түзгөн. 740–840-жылдарда Уйгур кагандыгына карап, ал кулагандан кийин өз алдынча кагандык болуп калган.
Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1. Б., 2000; Кумеков Б. Е. Государство кимаков IX–XI вв. по арабским источникам. А.-А., 1972; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана / Сост. Т. Д. Джуманалиев. Т. 1. Б., 2007.