КОХ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОХ Роберт (11. 12. 1843, Клаусталь, Төмөнкү Саксония – 27. 5. 1910, Баден-Баден) –

немис бактериологу, азыркы эпидемиология ж-а бактериологияны негиздөөчүлөрдүн бири. Петербург ИАнын чет элдик мүчөсү (1884). Гёттинген ун-тин бүтүргөн (1866). Вольштейнде сан.-врач (1872–80) болуп иштеп, үй лабор-ясында 1-микробиол. изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Берлин ун-тинин проф. ж-а Гигиена ин-тунун (1885–91) ж-а Берлиндеги Жугуштуу оорулар ин-тунун директору (1891–1904), кийин ал ин-тка анын ысмы коюлган. Ал өзүнүн жардамчылары м-н денеден сырткары бактерия культурасын өстүрүп, анын оорунун себепчиси экендигин далилдеген. Негизги ил. иштери жугуштуу оорулардын козгогучтарын – микроорганизмдерди табуу ж-а ага каршы күрөшүү ыкмаларын иштеп чыгууга багытталган. Сибирь жарасынын, туберкулёздун (1882), холеранын (1883) козгогучтарын (1890) тапкан. Бактерия спорасынын оорунун таралышындагы маанисин көрсөткөн, бактериол. изилдөө ыкмаларын иштеп чыккан ж-а дезинфекция жолдорун сунуш кылган. Нобель сыйл. лауреаты (1905).
Ад.: Яновская М. И. Р. Кох. М., 1962.