КОХ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОХ Роберт (11. 12. 1843, Клаусталь, Төмөнкү Саксония – 27. 5. 1910, Баден-Баден) –

немис бактериологу, азыркы эпидемиология ж-а бак­териологияны негиздөөчүлөрдүн бири. Петер­бург ИАнын чет элдик мүчөсү (1884). Гёттинген ун-тин бүтүргөн (1866). Вольштейнде сан.-врач (1872–80) болуп иштеп, үй лабор-ясында 1-мик­робиол. изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Берлин ун-ти­нин проф. ж-а Гигиена ин-тунун (1885–91) ж-а Берлиндеги Жугуштуу оорулар ин-тунун дирек­тору (1891–1904), кийин ал ин-тка анын ысмы коюлган. Ал өзүнүн жардамчылары м-н дене­ден сырткары бактерия культурасын өстүрүп, анын оорунун себепчиси экендигин далилдеген. Негизги ил. иштери жугуштуу оорулардын коз­гогучтарын – микроорганизмдерди табуу ж-а ага каршы күрөшүү ыкмаларын иштеп чыгууга ба­гытталган. Сибирь жарасынын, туберкулёздун (1882), холеранын (1883) козгогучтарын (1890) тапкан. Бактерия спорасынын оорунун таралы­шындагы маанисин көрсөткөн, бактериол. изил­дөө ыкмаларын иштеп чыккан ж-а дезинфек­ция жолдорун сунуш кылган. Нобель сыйл. лауреаты (1905).


Ад.: Яновская М. И. Р. Кох. М., 1962.