КОРОЛЁВ Сергей Павлович: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОРОЛЁВ Сергей Павлович [30. 12. 1906 (12. 1. 1907), Житомир – 14. 1. 1966, Москва] – ракета куруу ж-а космонавтика б-ча орус совет окумуштуу­су, конструктору, СССР ИАнын академиги (1958; корр. мүчөсү, 1953), эки жол­ку Соц. Эмг. Баатыры (1956, 1961). 1924-ж. Одесса куру­луш кесиптик мектебин бү­түрүп, 1927-жылдан авиа­ция ө. ж-нда иштеген. Моск­ва жогорку тех. окуу жа-

йын (1930), аны м-н катар Москва учкучтар мек­тебин бүтүргөн. Борб. Аэрогидродинамика ин­тунда (Москва) ага инженер (1930) болуп иштеп жүрүп, бир нече ийгиликтүү учурулган планер түзгөн. К. Э. Циолковский ж-а анын иштери м-н таанышкандан кийин ракета тибиндеги учуучу аппаратты түзүү идеясы кызыктырган. 1931-ж. Ф. А. Цандер м-н бирге Москвада реак­тивдүү кыймылды изилдөөчүлөр тобун (ГИРД) түзүүгө катышып, аны жетектеген (1932). Сов. биринчи суюк отундуу «ГИРД-09» ракетаны учу­рууга катышкан. 1934-ж. «Ракета менен стра­тосферага учуу» деген эмгеги жарыяланган. Кос­мос мейкиндигин өздөштүрүүдөгү алгачкы же­тишкендиктер К-дун ысмына байланыштуу. К-дун ил. ж-а тех. идеялары ракеталык ж-а кос­мостук техниканы түзүүдө кеңири колдонулду. Көптөгөн ракета түрлөрү, ракета алып жүр­гүчтөр, «Восход» ж-а «Восток» кемелери, адам­дын тарыхта 1-жолу космоско учушу ж-а кеме­нин сыртына космос мейкиндигине чыгышы анын жетекчилиги м-н болду. К-дун жетекчи­лиги м-н түзүлгөн ракета-космостук системалар дүйнөдө биринчи болуп Жер ж-а Айдын, Күн, Чолпон, Марстын жасалма жандоочуларын учу­рууда колдонулду. Натыйжада Айдын бетине жумшак кондурулган планета аралык автомат­тык станцияларды учурууга мүмкүнчүлүк түзүл­дү. «Электрон», «Молния-1», «Космос» сериясын­дагы көптөгөн жандоочулар ж-а «Зонд» серия­сындагы планета аралык алгачкы чалгындооч­тор К-дун жетекчилиги м-н жасалды. Ленин­дик сыйл. лауреаты (1957). Үч Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сый­ланган.


Ад.: Асташенков П. Т. Академик С. П. Королёв.
М., 1969; Романов А. П. Конструктор космических кораблей. М., 1971; Пионеры ракетной техники. М., 1972.