КОРОЛЁВ Сергей Павлович
КОРОЛЁВ Сергей Павлович [30. 12. 1906 (12. 1. 1907), Житомир – 14. 1. 1966, Москва] – ракета куруу ж-а космонавтика боюнча орус совет окумуштуусу, конструктору, СССР ИАнын академиги (1958; корроспендент мүчөсү, 1953), эки жолку Социалистик Эмгектин Баатыры (1956, 1961). 1924-ж. Одесса курулуш кесиптик мектебин бүтүрүп, 1927-жылдан авиация өнөр жайыннда иштеген. Москва жогорку техника окуу жа-

йын (1930), аны м-н катар Москва учкучтар мектебин бүтүргөн. Борбордук Аэрогидродинамика институтунда (Москва) ага инженер (1930) болуп иштеп жүрүп, бир нече ийгиликтүү учурулган планер түзгөн. К. Э. Циолковский ж-а анын иштери м-н таанышкандан кийин ракета тибиндеги учуучу аппаратты түзүү идеясы кызыктырган. 1931-ж. Ф. А. Цандер м-н бирге Москвада реактивдүү кыймылды изилдөөчүлөр тобун (ГИРД) түзүүгө катышып, аны жетектеген (1932). Советтик биринчи суюк отундуу «ГИРД-09» ракетаны учурууга катышкан. 1934-ж. «Ракета менен стратосферага учуу» деген эмгеги жарыяланган. Космос мейкиндигин өздөштүрүүдөгү алгачкы жетишкендиктер Королевдун ысмына байланыштуу. Королеквдун илимий ж-а техникалык идеялары ракеталык ж-а космостук техниканы түзүүдө кеңири колдонулду. Көптөгөн ракета түрлөрү, ракета алып жүргүчтөр, «Восход» ж-а «Восток» кемелери, адамдын тарыхта 1-жолу космоско учушу ж-а кеменин сыртына космос мейкиндигине чыгышы анын жетекчилиги м-н болду. Королевдун жетекчилиги м-н түзүлгөн ракета-космостук системалар дүйнөдө биринчи болуп Жер ж-а Айдын, Күн, Чолпон, Марстын жасалма жандоочуларын учурууда колдонулду. Натыйжада Айдын бетине жумшак кондурулган планета аралык автоматтык станцияларды учурууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. «Электрон», «Молния-1», «Космос» сериясындагы көптөгөн жандоочулар ж-а «Зонд» сериясындагы планета аралык алгачкы чалгындоочтор Королевдун жетекчилиги м-н жасалды. Лениндик сыйлыктын лауреаты (1957). Үч Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Асташенков П. Т. Академик С. П. Королёв. М., 1969; Романов А. П. Конструктор космических кораблей. М., 1971; Пионеры ракетной техники. М., 1972.