КОРИАНДР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОРИА́НДР (Coriandrum) – чатыр гүлдүүлөр ту­кумундагы эфир майлуу бир жылдык өсүмдүк. Сабагы (бийикт. 30–120 см) бутактанып өсөт.
Жалбырагы ичке, жара тилик, гүлү ак же күл­гүн, саргыч, чатырча топ гүлгө чогулган. Мөмөсү тоголок данча (экиден). Сортуна жараша данын­да 0,2–1,4% эфир 16–28% май заттары бар. Көп жерде эгилет. КМШ өлкөлөрүнүн Борб. кара топурактуу аймагында, Волга боюнда, Кавказ ж-а Украинада өстүрүлөт. Вегетация мезгили 110–125 күн, уругу 8–10°С жылуулукта өсүп чыгат. К-дын майынан парфюмерия, кондитер ж. б. ө. ж. тармактарында колдонулуучу жыт­туу зат алынат. Майы техникада да керекте­лет. Жаш өсүмдүгү м-н мөмөсү татымал катары тамак-ашка (кинза) ж-а тоютка пайдаланылат. Зыянкечтери: К. урук жегичи; илдеттери: бак­териоз, ламуляриоз ж. б.