КОПЕНГАГЕН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОПЕНГА́ГЕН – Дания Королдугунун борбору (1443-жылдан). Эресунн булуңунун оң жээгин­де, Зеландия ж-а Амагер а-нда жайгашкан. Калкы 600,0 миң (2003; Чоң Копенгаген агло­мерациясында 1,5 млн; өлкөнүн калкынын 30%и). Алгач 1043-жылдан Хавн (гавань) тур-

Амалиенборг ак сарай комплекси. 1749. Архитектор лор Н. Жарден, Н. Эйтвед

гун жайы катары эскерилет. 1167-ж. епископ Абсалон аны айланта сепил ж-а чеп курдурт­кан. 1170-жылдан Копенгаген аталат. 1186-жыл­дан 1416-ж. чейин (үзгүлтүк м-н) Роскилльск епископтугунун курамында болгон. К. 1254-ж. шаар статусун алган. 1443-жылдан король ре­зиденциясы. 20-к-да К. ири ө. ж-лык борборго айланган. 1940-ж. апрелде немис фашисттер басып алган, бирок 1945-ж. 5-майда бошотул

ган. К. – Даниядагы гана эмес Скандинавия өл­көлөрүндөгү эң ири соода-ө. ж. борбору. Маши­на ж-а станок куруу, металл иштетүү, электр­тех., хим., фарфор, текстиль, тигүү ө. ж. ишка­налары иштейт. Ун-ттер, тех. жогорку мектеп, ветеринария ж-а а. ч. король жогорку мектеби, консерватория, инж., музыка, иск-во академия­лары, калк китепканасы, көптөгөн музейлер (сүрөт, улуттук ж. б.) театрлар, Карлсберг жаңы глиптотекасы (скульптура топтому) бар. Шаар­дын эски бөлүгүнө кууш ийри көчөлөр мүнөз­дүү. Биржа, Росенборг аңчылар, Шарлоттенборг (17-к.), Кристиансборг (18-к.) ак сарайлары сак­талган.