КООН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КООН (Cucumismelo) – ашкабактар тукумунда­гы бир жылдык өсүмдүк. Сабагы жерге төшөлүп өсөт. Жалбырагы чоң. Гүлү айрым жыныстуу (кош жыныстуулары да бар), курт-кумурскалар аркылуу чаңдашат. К. – көп уруктуу өсүмдүк.
Борб. ж-а Кичи Азиядан таралган. Салмагы (сортуна жараша) 0,2–16,0 кг. КМШ өлкөлө­рүндө, Борб. Азия респ-ларында (Кырг-ндын түштүгүндө ж-а Чүй обл-нда), Волга бою, Молда-

Коондун «Арабакеч 1219» сорту.

вия, Украина ж-а Закавказьеде (көбүнчө аш сорту) эгилет. К. баалуу диеталык азык. Анда

кант (16–18%), С витамини (60 мг %ке чейин), каротин, пектин заттары, минерал туздар бар. К. желет, кургатылат. Андан кыям, цукат, мар­мелад, повидло ж. б. азыктар даярдалат. Кеңи­ри таралган сорттору; Анделек, Босвалды, Бу­харка 944, Заами 672, Кой баш 476, Ак коон 557, Сары коон 31, Үргөнч, Ассате 3806 ж. б. К-дун уругу 4–6 см тереңдикке, топурактагы темп-ра 12–14°Сге жеткенде себилет. 1 га аянт­ка 2–3 кг урук кетет. Кырг-нда К-дун эрте бы­шуучу сорту 10–30-апрелде, убагында бышуучу­су 20-апрелден 15-майга чейин, кеч бышуучусу 10–30-июнда эгилет. К-дун түшүмүн жыйноодо мезгил-мезгили м-н улам бышканы үзүлөт. Кеч бышуучу К-дор толук быша электе үзүлүп, сак­талган кезде толук бышат.