КОҢУЗДАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОҢУЗДАР , к а т у у к а н а т т у у л а р (Coleoptera) – толук кубулма курт-кумурска түркүмү. 1-жуп канаты катуу чоң канатка ай­ланып, 2-жуп учкуч канатын, көкүрөгүнүн үстүнкү жумшак бетин ж-а курсагын коргоп турат. Алдынкы бөлүгү (башы, көкүрөгү) арт­кы бөлүгү м-н кыймылдуу бириккен. Жашоо чөйрөсүнө жараша формасы ж-а түсү түрдүүчө.
Көбүнчө ачык пигменттүү, металлдай жалты­рак, демейде каралжын үңкүрдө же топуракта жашоочуларында пигменти жок, ачык сары түстө. Оозу кемирүүчү. К. айрым жыныстуу, жу­муртка, кээде тирүү тууйт. Көпчүлүгүнүн өөрчүшү жумуртка, личинка, куурчакча ж-а имаго фа-

Коңуздар: 1 – жыттуу сыйда дуулдак; 2 – кавказ дуулдагы; 3 – дөө дуулдак; 4 – тарпчы коңуз; 5 – кара суучул коңуз; 6 – керене канат сүзгүч; 7 – батыш саратаны; 8 – кадимки керик коңуз; 9 – өзгөрмө алтынчык; 10 – эл кайда көчөт; 11 – бугу коңуз; 12 – чара алтынчык; 13 – анткор ууру коңуз; 14 – кызылчачы узун тумшук; 15 – алма гүлчү ко­ңузу; 16 – альп мурутчан коңузу; 17 – реликт му­рутчан коңуз.

заларын өтөт. Башында сезүү, көрүү органдары жайгашкан. Көкүрөгүндө басуу, казуу же кар­моо, секирүү, сүзүү кызматын аткаруучу бутта­ры бар. Алар азыктануу мүнөзүнө жараша 3 топко бөлүнөт: фитофагдар, сапрофагдар (өсүм­дүк, жаныбар калдыктарын, чириндилерин же чү лө р) ж­а жыр тк ычтар . Ал ар азыгын түнкүсүн издейт. Душмандарынан коргонуу мак­сатында тез жүгүрүү, секирүү, бат учуу, кыймыл­сыз катып калуу, жыт чыгаруу ж. б. чаралар­ды көрөт. Тукуму үчүн кам көрүп, личинка­ларынын өсүшүнө керек азыктарды чогултат. К-дын көп түрдүүлүгү жердеги биоценоздо олут­туу роль ойнойт. Көп түрү кыртыш түзүлүшүн

өзгөртөт, санитарлар, башка курт-кумурскалар­дын санын жөнгө салат ж-а өсүмдүктөрдү чаң­даштырат. Айрымдары талаа ж-а токой өсүм­дүктөрүнө зыян келтирет, а. ч. азыктарын бу­зат. К-дын 3 түркүмчөсү, 140 тукуму, 30 миң түрү бардык кургактыкта (Антрактида, Аркти­канын муз зонасы м-н бийик тоолордон баш­ка), көбүнчө тропикте кездешет. Көп түрүнүн саны азаюуда.