КОҢУЗДАР
КОҢУЗДАР , к а т у у к а н а т т у у л а р (Coleoptera) – толук кубулма курт-кумурскалар түркүмү. 1-жуп канаты катуу чоң канатка айланып, 2-жуп учкуч канатын, көкүрөгүнүн үстүнкү жумшак бетин ж-а курсагын коргоп турат. Алдынкы бөлүгү (башы, көкүрөгү) арткы бөлүгү м-н кыймылдуу бириккен. Жашоо чөйрөсүнө жараша формасы ж-а түсү түрдүүчө.
Көбүнчө ачык пигменттүү, металлдай жалтырак, демейде каралжын үңкүрдө же топуракта жашоочуларында пигменти жок, ачык сары түстө. Оозу кемирүүчү. Коңуздар айрым жыныстуу, жумуртка, кээде тирүү тууйт. Көпчүлүгүнүн өөрчүшү жумуртка, личинка, куурчакча ж-а имаго фа-

заларын өтөт. Башында сезүү, көрүү органдары жайгашкан. Көкүрөгүндө басуу, казуу же кармоо, секирүү, сүзүү кызматын аткаруучу буттары бар. Алар азыктануу мүнөзүнө жараша 3 топко бөлүнөт: фитофагдар, сапрофагдар (өсүмдүк, жаныбар калдыктарын, чириндилерин жечүлөр) жа жырткычтар . Ал ар азыгын түнкүсүн издейт. Душмандарынан коргонуу максатында тез жүгүрүү, секирүү, бат учуу, кыймылсыз катып калуу, жыт чыгаруу ж. б. чараларды көрөт. Тукуму үчүн кам көрүп, личинкаларынын өсүшүнө керек азыктарды чогултат. Коңуздардын көп түрдүүлүгү жердеги биоценоздо олуттуу роль ойнойт. Көп түрү кыртыш түзүлүшүн
өзгөртөт, санитарлар, башка курт-кумурскалардын санын жөнгө салат ж-а өсүмдүктөрдү чаңдаштырат. Айрымдары талаа ж-а токой өсүмдүктөрүнө зыян келтирет, айыл чарба азыктарын бузат. Коңуздардын 3 түркүмчөсү, 140 тукуму, 30 миң түрү бардык кургактыкта (Антрактида, Арктиканын муз зонасы м-н бийик тоолордон башка), көбүнчө тропикте кездешет. Көп түрүнүн саны азаюуда.