КОНУШ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОНУШ – эл көчүп келип, коно турган жер. Көчмөнчүлүк турмушта пайда болгон. Үй ээси, айыл билермандары көч келгенге чейин төрт түлүк малга жайыттуу, боз үй тигүүгө оңтойлуу, коңшу айыл м-н катташууга ыңгайлуу, мал түнөтүүгө жайлуу, отун-суусу жакын түзөңчө жер издешип, К. чалышкан. Андан соң ылайыктуу орунга көчтү түшүрүшкөн. К. алгандарга келген мейман «Конушуңар жайлуу болсун» деп кайрылган. Эл көчүп кеткенден кийин ээн калган К. журт деп аталган.