КОНКИН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КО́НКИН Григорий Ефимович (1911, азыркы Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Кызыл-Суу кыш. – 1941, Москва

обл., Волоколамск р-н, Дубосеково разъезди, сөөгү Нелидово кыш-на коюлган) – Сов. Союз. Баатыры (1942, өлгөндөн кийин). 1941-жылдан Сов. Армияда. Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) 316-аткычтар дивизиясынын 1075-аткычтар полкунда кызмат кылган. Немис баскынчыларынын Москвага жасаган 2-башкы чабуулунун мизин кайтарууга катышкан. 1941-ж. 16-ноябрда Дубосеково разъездин коргоочулар м-н атактуу 28 панфиловчунун катарында эрдик көрсөтүп, баатырларча курман болгон. Ленин ордени м-н сыйланган. Жети-Өгүз р-нундагы Калиновка кыштагына, мектепке, Каракол ш-нын бир көчөсүнө ысмы ыйгарылып, Кызыл-Суу айылына айкели коюлган.