КОНЁНКОВ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОНЁНКОВ Сергей Тимофеевич [28. 6(10. 7). 1874, азыркы Смоленск губ., Ельня уезди, Караковичи кыш. – 9. 10. 1971, Москва] – орус совет скульптору, Лениндик сыйл. (1957), СССР мамл. сыйл. (1951) лауреаты. СССР сүрөт академиясынын (СА) анык мүчөсү (1954), СССР эл сүрөтчүсү (1958), Соц. Эмг. Баатыры (1964). Москвадагы живопись, ийчилик (ваяние), зодчийлик окуу жайында (1892–96) ж-а Петербург САда

(1899–1902) окуган. «Искусство дүйнөсүнүн» экспоненти ж-а Орус сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. Алгачкы чыгармаларында («Таш талкалоочу», коло, 1898, Третьяков галереясы; «Самсон», гипс, 1902, сакталбай калган) 1900-жылдардын ортосунан К. түзгөн фольклордук-жомоктук образдарды («Еруслан Лазаревич», 1913; Серпухов тарыхый-сүрөт музейи), байыркы ж-а Кайра жаралуу доорлорунун салтындагы телегейи тегиз адамдын жыгач тулкуларын, улуттук эстетикалык ж-а этикалык идеалды издөөгө байланышкан («Нике», мрамор, 1906, Третьяков галереясы) чыгармаларды жаратып, Бах, Паганини сыяктуу улуу адамдардын портреттерин сомдогон. Сов. монументтик скульптуранын башатында турган «Элдердин ынтымагы жана боордоштугу үчүн күрөштө курман болгондорго» мемориалдык тактанын автору. К. 1923–45-ж. АКШда жашаган. К. негизинен портрет жанрында («А. М. Горький», коло, 1928, А. М. Горькийдин музейи, Москва; «И. П. Павлов», 1930; «Ф. М. Достоевский», 1933 – экөө тең гипс, Орус музейи; автопортрет, мрамор, 1954, Третьяков галереясы) иштеген. Кыргыз скульптору Т. Садыковдун чыг-лыгына таасир берген. Эки Ленин ордени ж-а медаль м-н сыйланган.
Ад.: Садыков Т. Крылья. М., 1976; Конёнков С. Т. Встречи. Воспоминания современников о скульпторе. М., 1980; Бычков Ю. А. Конёнков. 2-е изд. М., 1985.