КУЯҢ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУЯҢ – жүлүн дүмүрчөктөрүн жабыркатуучу четки нерв системасынын оорусу. Көбүнчө катуу кармап, өнөкөт түрүндө өтөт. Аны омуртка оорусу – остеохондроз пайда кылат. Оор нерсе көтөрүү, чукул кыймылдоо, кокустатуу, үшүп калуу ж. б. учурларда жүлүн дүмүрчөктөрү кысылып калуусу мүмкүн. Нерв дүмүрчөктөрүнүн жабыркаган жерине жараша: бел-куймулчак, моюн, моюн-ийин жана көкүрөк К-ы болуп айырмаланат. Бел-куймулчак К-ы көп кездешип, анда бел сыздайт. Оору кыймылдаганда күчөйт, ошондуктан оорулуу басканда эңкейип же бир жагына кыйшаят, натыйжада омуртка да жабыркап, оору жоон санга, шыйракка, бут кетменине берилет. Бут муздап, булчуңдар шалдырап, кийинчерээк арыктайт, атрофия башталат. Моюн-ийин К-ында желке, ийин, далы ооруп, башты бурганда, колду кыймылдатканда, жөтөлгөндө, чүчкүргөндө күчөйт. Көкүрөк К-ы сейрек учурайт; анда көкүрөк (кабырга арасындагы нерв) ооруп, кыймылдаганда, терең дем алганда күчөйт. Дарылоо үчүн анын себептерин жок кылуу керек. Ооруну басаңдатуучу каражаттар менен катар физиотерапия процедуралар, дарылоочу дене тарбия ж. б. колдонулат. Алдын алууда булчуңдарды чыңдоочу дене-тарбия жана спортко катышуу, организмди чыңдоо чоң мааниге ээ.