КУЯҢ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЯҢ – жүлүн дүмүрчөктөрүн жабыркатуучу четки нерв системасынын оорусу. Көбүнчө ка­туу кармап, өнөкөт түрүндө өтөт. Аны омуртка оорусу – остеохондроз пайда кылат. Оор нерсе көтөрүү, чукул кыймылдоо, кокустатуу, үшүп калуу ж. б. учурларда жүлүн дүмүрчөктөрү кы­сылып калуусу мүмкүн. Нерв дүмүрчөктөрүнүн жабыркаган жерине жараша: бел-куймулчак, моюн, моюн-ийин жана көкүрөк К-ы болуп айыр­маланат. Бел-куймулчак К-ы көп кездешип, ан­да бел сыздайт. Оору кыймылдаганда күчөйт, ошондуктан оорулуу басканда эңкейип же бир жагына кыйшаят, натыйжада омуртка да жа­быркап, оору жоон санга, шыйракка, бут кетменине берилет. Бут муздап, булчуңдар шалды­рап, кийинчерээк арыктайт, атрофия башталат. Моюн-ийин К-ында желке, ийин, далы ооруп, башты бурганда, колду кыймылдатканда, жө­төлгөндө, чүчкүргөндө күчөйт. Көкүрөк К-ы сей­рек учурайт; анда көкүрөк (кабырга арасында­гы нерв) ооруп, кыймылдаганда, терең дем ал­ганда күчөйт. Дарылоо үчүн анын себептерин жок кылуу керек. Ооруну басаңдатуучу каражаттар менен катар физиотерапия процедуралар, да­рылоочу дене тарбия ж. б. колдонулат. Алдын алууда булчуңдарды чыңдоочу дене-тарбия жана спортко катышуу, организмди чыңдоо чоң мааниге ээ.