КУРОВ Василий Иванович: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУРОВ Василий Иванович (16. 11. 1915, Саратов обл., Новоузенск ш. - 17. 11. 1994, ошол эле жер) -

Даңк орденинин толук кавалери. Армияга 1941-ж. октябрда Ѳзгѳн ш-нан чакырылган. Улуу Ата Мекенднк согушта 3-Украин, 1-Беларус фронтторунда зениттик пулемётчулар бѳлүмчѳсүнүн командири. Украинаны, Польшаны душмандан бошотууга, Берлин салгылашына катышкан. 1944-ж.21-июлда дивизиянын алга жылышына тоскоол болгон душмандын бомбардировщигин атып түшүрүп, 3-даражадагы Даңк ордени менен сыйланган (21. 8. 1944). Кицербург ш-н бошотууда 6 фашистти туткундап, душмандын чалгындоочу самолётун жок кылганы үчүн 2-даражадагы Даңк орденин (17. 3.1945), Берлинди алууда 11 фашистти туткундаганы үчүн 1-даражадагы Даңк орденин алган (15. 5. 1945). Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланган.