КУРОВ Василий Иванович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУРОВ Василий Иванович (16. 11. 1915, Россия империясы, Самара губерниясы, Новоузенск шаары – 17. 11. 1994, Россия Федерациясы, Саратов облусу, Новоузенск шаары) –

Даңк орденинин толук кавалери. 1936–1938-жылдары Ыраакы Чыгышта аскер кызматын өтөп, аны аяктаган соң Кыргызстанга келип, Өзгөн шаарында аскер инструктору болуп иштеген. Кызыл Армиянын катарына Ош облусунун Өзгөн райондук аскер комиссариаты тарабынан 1941-жылы октябрда чакырылган. Улуу Ата Мекендик согушта 3-Украин, 1-Беларус фронтторунда зениттик пулемётчулар бөлүмүнүн командири. Украинаны, Польшаны душмандан бошотууга, Берлин салгылашына катышкан. Савино кыштагына жакын жерде пулемёту менен душмандын бомба таштоочу самолётун атып түшүргөнү үчүн гвардиянын улук сержанты В. И. Куров 21. 08. 1944-жылы (№145549) 3-даражадагы, Кюстрин (Польша) шаарында душмандын ондон ашык жоокерин жок кылып, ошондой эле Кицербурт (Германия) кыштагынын жанында душмандын «Фоке-вульф-190» самолётун атып түшүрүүдө 17. 03. 1945-жылы 2-даражадагы (№ 30806), Одер дарыясынын боюндагы салгылашууда дагы бир «Фоке-вульф-190» самолётун атып, андан кийин  душмандын 11 жоокерин туткунга алганы үчүн 15. 05. 1946-жылы 1-даражадагы (№ 1609) Даңк ордендери менен сыйланган. Согуштан кайткандан кийин курулуш тармактарында эмгектенген. Кызыл Жылдыз ордени, ж.б. медалдар менен сыйланган.