КУЛУН-АТА КОРУГУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУЛУН-АТА КОРУГУ Кара-Кулжа р-нунун ай­магында. Фергана тоо тизмеги менен Алай кырка тоосунун

Коруктагы Кулун көлүнүн бир көрүнүшү.

аралыгында Тар суусунун жогорку алабында жайгашкан. Батыш Теңир-Тоонун табигый жаратылыш комплексин сактоо, арча­ийне жалбырактуу токойлорун, өсүмдүк-жаныбарлар дүйнөсүн жана тоо көлүнүн экол. системасын коргоо максатында 2004-ж. уюштурулган. Аянты 27,4 миң га, а. и. токой аянты 3,5 миң га (12,7%). Жаныбарлардын 32, өсүмдүктөрдүн 808 түрү кездешет. Корук жаратылыш шарты­нын ар түрдүүлүгү жана табигый ресурстарына байлыгы менен өзгөчөлөнөт. Коруктун аймагында Кулун көлү жайгашкан.