КУЛУН-АТА КОРУГУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КУЛУН-АТА КОРУГУ Кара-Кулжа р-нунун аймагында. Фергана тоо тизмеги менен Алай кырка тоосунун

аралыгында Тар суусунун жогорку алабында жайгашкан. Батыш Теңир-Тоонун табигый жаратылыш комплексин сактоо, арчаийне жалбырактуу токойлорун, өсүмдүк-жаныбарлар дүйнөсүн жана тоо көлүнүн экол. системасын коргоо максатында 2004-ж. уюштурулган. Аянты 27,4 миң га, а. и. токой аянты 3,5 миң га (12,7%). Жаныбарлардын 32, өсүмдүктөрдүн 808 түрү кездешет. Корук жаратылыш шартынын ар түрдүүлүгү жана табигый ресурстарына байлыгы менен өзгөчөлөнөт. Коруктун аймагында Кулун көлү жайгашкан.