КУЛОН Шарль Агюстен: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУЛО́Н Шарль Огюстен (14. 6. 1736, Ангулем – 23.8.1806, Париж) – француз физиги, Париж ИАнын мүчөсү (1781). Орто мектепти бүткөндөн кийин инж. аскерде иштеген. 1772-жылдан тех. механика (курулмалар статикасы, жел тегирмен теориясы ж. б.) б-ча ил. из. иштерин жүргүзгөн. Кылдын, жибек жиптердин жана ичке металл зымдарынын толгонуусун изилдеген жана толгонуу теориясын түзгөн; толгонмо таразаны ойлоп чыгарып, аны электр жана магниттин өз ара аракеттениш күчтөрүн өлчөө үчүн колдонгон. 1785–89-ж. жети мемуары жарыяланган, мында электр заряддарынын жана магнит уюлдарынын өз ара аракеттенүү закону (Кулон закону) берилген. К-дун эксперимент эмгектери электр-магнит кубулуштар теориясын түзүүдө мааниси зор. Электр санынын бирдиги (кулон) К-дун ысмынан аталган. Кургак сүрүлүү законун ачкан.