КУЛОН Шарль Агюстен
КУЛО́Н Шарль Огюстен (14. 6. 1736, Ангулем – 23.8.1806, Париж) – француз физиги, Париж ИАнын мүчөсү (1781). Орто мектепти бүткөндөн кийин инженердик аскерде иштеген. 1772-жылдан техникалык механика (курулмалар статикасы, жел тегирмен теориясы ж. б.) боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзгөн. Кылдын, жибек жиптердин жана ичке металл зымдарынын толгонуусун изилдеген жана толгонуу теориясын түзгөн; толгонмо таразаны ойлоп чыгарып, аны электр жана магниттин өз ара аракеттениш күчтөрүн өлчөө үчүн колдонгон. 1785–89-ж. жети мемуары жарыяланган, мында электр заряддарынын жана магнит уюлдарынын өз ара аракеттенүү закону (Кулон закону) берилген. Кулондун эксперимент эмгектери электр-магнит кубулуштар теориясын түзүүдө мааниси зор. Электр санынын бирдиги (кулон) Кулондун ысмынан аталган. Кургак сүрүлүү законун ачкан.