КУЛАН-САЙ АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИКТЕРИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУЛАН-САЙ АРХЕОЛОГИЯЛЫК ЭСТЕЛИКТЕРИ – б. з. ч. 2-миң – б. з. 1-миң жылдыгына таандык көрүстөндөр, аска бетиндеги сүрөттөр жана жазуулар. Талас ш-нан 7 км түн.-чыгышта, Кыргыз Ала-Тоосунун түш. бөлүгүндөгү капчыгайда жайгашкан. Бул капчыгайдын экинчи аты жерг. жашоочулардын арасында Кулан же Чийим-Таш деп айтылган. Алар Кулан-Сайдын жээгиндеги түзөңдөргө жайгашып, бийикт. 1 мге жеткен таш, топурактар менен корумдалган. Таштардын бетине кишилердин, тоо эчкилердин, жырткыч айбанаттардын сүрөттөрү чеберчилик менен тартылган. О. эле аска бетинен 18 саптан турган согд жазуусу табылып, андан 100гө жа­кын түрк элдерине мүнөздүү эркек жана аял аттары кездешкен. К.-С. а. э-н Д. Ф. Винник, Ч. Жумагулов, В. А. Лившиц, Я. А. Шер изилдеген.