КУЛАКТАР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУЛАКТАР – социалдык жикке бөлүнүшүнөн улам пайда болгон айыл-кыштактагы оокаттуу дыйкандар. К. мал-мүлкү, үй-тиричилиги, ээлеген жери б-ча башка дыйкандардан байыраак болгон. Россияда К. крепостнойлук укук жоюлгандан (1861) кийин калыптанып, капитализмдин өнүгүшүнө зор роль ойногон. Бирок, маданий, турмуш-тиричилиги жагынан башка дыйкандардан айырмаланган эмес. Кырг-ндагы К-дын катмарын 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында Борб. Россиядан көчүп келишкен орус, украин, беларус дыйкандары түзгөн (к. Кыргызстандын Россияга кошулушу, Келгиндер башкармалыгы, Столыпиндик агрардык реформа). Түшүмдүү, ири жерлерге ээ болуп, акырындап а. ч. капиталисттерине айланышкан. Алып-сатарлыктын аркасында ө.-ж., соода, курулуш ж. б. капиталы менен кызматташып, кедей-дыйкандарды жалдап иштетишкен. Совет бийлиги орногондон кийин ишке аша баштаган социал.–экон. кайра курууларга каршы чыгып, жер-жерлерде куралдуу көтөрүлүш (мис., 1918-ж. август Талас, 1919-ж. июль Түп, 1920-ж. ноябрь Нарындагы козголоңдор) уюштурушкан. Туташ коллективтештирүү учурунда К. тап катары эсептелинип, жери тартып алынып, өзүлөрү камалып, сүргүнгө айдалып, биротоло жоюлган (к. Кулакка тартуу). Б. Сатаров.