КУЛАКТАР
КУЛАКТАР – социалдык жикке бөлүнүшүнөн улам пайда болгон айыл-кыштактагы оокаттуу дыйкандар. Кулактар мал-мүлкү, үй-тиричилиги, ээлеген жери боюнча башка дыйкандардан байыраак болгон. Россияда кулактар крепостнойлук укук жоюлгандан (1861) кийин калыптанып, капитализмдин өнүгүшүнө зор роль ойногон. Бирок, маданий, турмуш-тиричилиги жагынан башка дыйкандардан айырмаланган эмес. Кыргызстандагы кулактардын катмарын 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Борбордук Россиядан көчүп келишкен орус, украин, беларус дыйкандары түзгөн (кара: Кыргызстандын Россияга кошулушу, Келгиндер башкармалыгы, Столыпиндик агрардык реформа). Түшүмдүү, ири жерлерге ээ болуп, акырындап айыл чарба капиталисттерине айланышкан. Алып-сатарлыктын аркасында өнөр-жай, соода, курулуш ж. б. капиталы менен кызматташып, кедей-дыйкандарды жалдап иштетишкен. Совет бийлигинин аныктамасы боюнча «кулак» термини жалданма эмгектен пайдаланган оокаттуу дыйкандарды түшүндүрүп, большевиктик (пролетардык) идеологияга ылайык бул социалдык катмар эзүүчү тап катары таанылган. Натыйжада оокаттуу дыйкандар Совет бийлиги ишке ашыра баштаган социалдык–экономикалык кайра курууларга каршы чыгып, жер-жерлерде куралдуу көтөрүлүш (мис., 1918-ж. август Талас, 1919-ж. июль Түп, 1920-ж. ноябрь Нарындагы козголоңдор) уюштурушкан. 1920-жылдардын аяк ченинде алар үчүн атайын саясий, экономикалык чектөөлөр киргизилип, кулактарды тап катары жоюу саясаты коллективдүү чарбага өтүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген. Ошондуктан бул саясатты ишке ашырууда көптөгөн мыйзам жана адамдардын укугунун бузууларга жол берилген. 1927-жылы 29-январда Бүткүл союздук большевиктер партиясынын Борбордук комитетинин Орто Азия бюросунун чечимине ылайык ири бай манаптардын мал-мүлкүн конфискациялоо жана аларды күч менен алыс жактарга көчүрүүнү уюштуруу үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Ошол эле жылы 12-мартта Кыргыз АССР Советтеринин I Уюштуруу съезди бай-манаптар жана кулактар менен күрөшүү тууралуу атайын токтом кабыл алган. Анын негизинде 1927-жылдан 1932-жылга чейин 5 миңден ашык кулак чарбасы республикадан тышка (Кавказ, Россия, Украина, Түндүк Казакстан ж.б.) көчүрүлгөн. Натыйжада колунда бар оокаттуу орто чарбалар эле эмес, айрым учурларда кедей турмушта жашагандар да запкы тарткан. Туташ коллективтештирүү учурунда кулактардын жери, мал-мүлкү тартылып алынып, өзүлөрү камалып, сүргүнгө айдалып, биротоло жоюлган (кара: Кулакка тартуу).
Ад.: Алтымышова З. А. Совет бийлигинин Кыргызстандагы кулактарды тап катары жоюу саясатынын ишке ашырылышы (1920–1930-жылдар). Б., 2024.
Б. Сатаров.