КУЛААЛЫЛАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУЛААЛЫЛАР (Circus) – туйгундар тукумундагы жырткыч куштар. Дене уз. 41–60 см. Канаты жана куйругу узун, жерге жакын учканга ыңгайланган. Дабыш чыгарбай, жай учуп, балапан, кемирүүчүлөр, кескелдирик, бака ж. б-ды

илип жейт. Буттары узун болуп, чөптүн арасынан азыгын алганга ыңгайлуу. Башынын эки каптал ындагы жү нү үк үнү бети сымал тегерек. К-дын эркегинин түсү ачык, ургаачыс ы менен бал апаны күрөң же саргыч. Бардык материкте (Арктикадан башка) таралган. Келгин куш. КМШ өлкөлөрүндө 9, Кырг-нда 2 түрү ачык талааларда жашайт. Жерге уялап, 3–6 жумуртка тууп, ургаачысы 1 ай басат.