КЫРГЫЗДАРДЫН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК БИРИНЧИ КУРУЛТАЙЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫРГЫЗДАРДЫН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК БИРИНЧИ КУРУЛТАЙЫ – дүйнө жүзүндө жашаган кыргыздардын өкүлдөрү катышкан жалпы жыйын. Курултай 1992-ж. 29–31-августта Бишкек ш-нда өткөн. Ага дүйнөнүн дээрлик бардык континенттериндеги Кытай (Канат Абдубакир), Түркия (Арип, Рахманкул, Токтосун ажы Сыдык уулу), Сауд Арабиясы (Амит ажы Мырзахмат уулу, Абдурахим Абдрахман), Афганстан, Тажикстан, Өзбекстан, Америка (Сыдык Алдаш), Нигерия (Кемелбаев Нургазы), Австралия (Азиз Абдукар), Европа өлкөлөрү (Франциядан Ожурова Турсун) ж. б. мамлекеттерде жашаган кыргыздар келишкен. Курултайда эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында Кырг-ндын экон. Оор абалы ж-а андан чыгуу, улуттук кайра жаралуу, көз каранды эместикти бекемдөө, саясий туруктуулук, маданий деңгээлди көтөрүү ж. б. маселелер каралган.
Э. Турганбаев.