КЫРГЫЗ ВЕТЕРИНАРИЯ ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫРГЫЗ ВЕТЕРИНАРИЯ ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ А. Д ү й ш е е в атн., КРдин Айыл чарба министрлигинин карамагында. 1927-ж. вет.-бактериология лабор-сы болуп уюшулган. 1940-ж. ошол борбордун негизинде Кыргыз ил.-из. вет.-тажрыйба станциясы түзүлгөн. 1956-ж. вет.-тажрыйба станциясынын ж-а Кыргыз мал чарба ИИИнин базасында Кыргыз ветеринария ж-а мал марба ИИИ уюшулган. Ал эми 1985-ж. ин-ттун вет. сектору өз алдынча вет. ИИИ болуп бөлүнүп чыккан. 2002– -ж. мал чарба, ветеринария ж-а тоют даярдоо ин-ттары бириктирилип, Агр. илим ж-а консультациялык кызмат борборунун карамагындагы Кыргыз мал чарба, ветеринария ж-а жайыт ИИИ болуп уюшулган. 2008-жылдан кайрадан министрликтин карамагына өтүп, азыркы аталышта. 2005-ж. А. Дүйшеевдин ысмы берилген. Ин-ттун окумуштуулары Кырг-ндагы вет. медицинанын өнүгүшүнө зор салым кошууда. Ин-ттун негизги ил. багыты мал ылаңдарынын диагностика каражаттарын изилдеп табуу ыкмаларын өркүндөтүү, жугуштуу ж-а жугушсуз ылаңдарды алдын алуу ж-а дарылоо чараларын ил. жактан негиздөө. Малдын колибактериоз, салмонеллёз, шарп, жугуштуу эпидидимит, бруцеллёз ылаңдарына каршы вакциналар ойлоп табылып, гельминттерге каршы үч дары иштелип чыккан. Ин-тта 65 ил. кызматкер, а. и. 5 илимд. докторлору ж-а 18 илимд. кандидат-« тары эмгектенет (2010). 1985–2005-ж. ин-ттун директору – А. Дүйшеев Р. З. Нургазиев (2005– 10), 1910-жылдан К. Абдыкеримов.
Д. Акматова.