КЫРГЫЗ ВЕТЕРИНАРИЯ ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ ВЕТЕРИНАРИЯ ИЛИМ ИЗИЛДӨӨ ИНСТИТУТУ А. Д ү й ш е е в атн., КРдин Айыл чарба министрлигинин карамагында. 1927-ж. вет.-бактериология лабор-сы болуп уюшулган. 1940-ж. ошол борбордун негизинде Кыргыз ил.-из. вет.-тажрыйба станциясы түзүлгөн. 1956-ж. вет.-тажрыйба станциясынын ж-а Кыргыз мал чарба ИИИнин базасында Кыр­гыз ветеринария ж-а мал марба ИИИ уюшул­ган. Ал эми 1985-ж. ин-ттун вет. сектору өз алдынча вет. ИИИ болуп бөлүнүп чыккан. 2002– -ж. мал чарба, ветеринария ж-а тоют даяр­доо ин-ттары бириктирилип, Агр. илим ж-а кон­сультациялык кызмат борборунун карамагын­дагы Кыргыз мал чарба, ветеринария ж-а жа­йыт ИИИ болуп уюшулган. 2008-жылдан кай­радан министрликтин карамагына өтүп, азыр­кы аталышта. 2005-ж. А. Дүйшеевдин ысмы бе­рилген. Ин-ттун окумуштуулары Кырг-ндагы вет. медицинанын өнүгүшүнө зор салым кошуу­да. Ин-ттун негизги ил. багыты мал ылаңдары­нын диагностика каражаттарын изилдеп табуу ыкмаларын өркүндөтүү, жугуштуу ж-а жугуш­суз ылаңдарды алдын алуу ж-а дарылоо чара­ларын ил. жактан негиздөө. Малдын колибак­териоз, салмонеллёз, шарп, жугуштуу эпидиди­мит, бруцеллёз ылаңдарына каршы вакциналар ойлоп табылып, гельминттерге каршы үч дары иштелип чыккан. Ин-тта 65 ил. кызматкер, а. и. 5 илимд. докторлору ж-а 18 илимд. кандидат-« тары эмгектенет (2010). 1985–2005-ж. ин-ттун директору – А. Дүйшеев Р. З. Нургазиев (2005– 10), 1910-жылдан К. Абдыкеримов.

Д. Акматова.