«КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
«КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ» – кыргыз ад-тынын тарыхына арналган 7 томдон турган фундаменталдуу эмгек. КР УИАнын азыркы Ч. Айтматов атн. Тил ж-а ад-т ин-тунда даярдалып (А. Акматалиевдин жалпы редакциясы алдында) жарык көргөн (2003). КРдин илим ж-а техника жаатындагы мамл. сыйлыгына татыктуу болгон (2004). Бул эмгекте кыргыз көркөм сөз өнөрүнүн өнүгүш тарыхы, табияты туурасында кеңири хронологиялык-эволюциялык мүнөздөгү системалуу ж-а комплекстүү иликтөөлөр камтылат. Анда алгач өнүгүүнүн төмөнкү баскычтарында анимисттик-тотемдик түшүнүктөргө байланыштуу өнүккөн, оозеки чыг-лыктын бир бутагы болгон кыргыздын ырым-жырым, дарым, эмгек ырларынан тартып бүгүнкү дүйнөлүк ад-т м-н канатташ шартта жогорку көркөмдүк-профессионализм деңгээлинде жазылган романдарга чейинки өнүгүш процессинин мыйзам ченемдүүлүктөрүнө, жанрдык түрлөрүнө, конкреттүү чыгармаларга ж-а чыгармачыл инсандардын чыг-лык ишмердигине адабий-ил. анализ берилген. Буга чейин жазылган ад-т тарыхтарында, ад-т таануу, фольклористика илиминде совет учурунда жаралган профессионалдык жазма ад-ттын үлгүлөрүн эле эмес, байыртан муундан-муунга мурас болуп өтүп келген элдик оозеки чыгармаларды баалоодо да коомдук саясий чектөөлөргө ылайык алардын көркөмдүк наркы, жалпы адамзаттык маанисин ачып берүүдөн мурун аларга парт. өңүттөн баа берүү үстөмдүк кылган. Бул жолку ад-т тарыхын жазууда фольклор, байыркы ж-а кол жазма ад-тыбыздын көптөгөн проблемалары

көмүскөдөн чыгарылган. Мурда тескери баа алып келген чыгармаларга, о. эле үзүл-кесил изилденгендерге ж-а жаңы, таптакыр эле изилденбеген «сырдуу сандыкка» салынып, кулпуланган материалдарга, ысымдарга биринчи жолу объективдүү баа берилип, олуттуу толуктоолор болду. Жети томдуктун 1-тому «Оозеки чыгармачылыктын жанрлары» деп аталып, анда элдик оозеки чыг-лыктын эпикалык, лирикалык, дидактикалык жанрдагы чыгармалары кеңири талданган. Академиянын Кол жазмалар фондусундагы мурда изилдөөчүлөр сөз кылууга, мисал келтирүүгө батынбаган материалдар да изилдөө объектисине тартылып, кеңири маалы маттар берилген. Бул томдогу «Каада-салт ырлары», «Үйлөнүү үлпөт ырлары», «Кошоктор», «Сүйүү ырлары», «Диний ырлар», «Тарыхый ырлар» сыяктуу бөлүмдөр элдин менталитети, тарыхы, этнографиясы, психологиясы, педагогикасы м-н комплекстүү түрдө эриш-аркак каралган. 2-том – «Манас ж-а манасчылар» деп аталат. Буга «Манас» эпосу, «Семетей» эпосу, «Сейтек» эпосу, «Манасчылар», «Манас» эпосун жыйноо, бастыруу, изилдөө маселелери, «Мезгилдер, муундар, манасчы» деген темадагы изилдөөлөр, эпостун негизинде «Жети осуяттын» маани-маңызын талдаган макала ж-а жыйырма эки манасчы, семетейчилердин портрети кирген. «Манас» үчилтигин айтуучулардын ж-а жаратуучулардын хронол. тартипте тизмектелип берилиши – улуу мурасыбыздын өсүп-өнүгүүсүнүн таасир, таалим алуу процесстеринин картинасын даана элестетет; чыг-лык өзгөчөлүктөрү, жалпылыктары ачылат. 3-том – «Кенже эпостор жана элдик поэмалар» деп аталат. Элибиз «Манас» үчилтигинен тышкары да ар түрдүү тематикадагы эпикалык чыгармаларга бай. Бул томдун негизги ил. өзгөчөлүгү – бизге белгилүү болгон «Кожожаш», «Эр Төштүк», «Курманбек», «Олжобай менен Кишимжан», «Жаңыл Мырза», «Жаныш-Байыш» сыяктуу кенже эпосторубуз бир эле варианты эмес, бир нече варианттар салыштырылып анализденгендигинде; ошону м-н бирге мурда сөзгө алынбаган Балбай, Шабдан ж. б. тарыхый инсандарга арналган чыгармалардын да варианттары эске алынгандыгында, о. эле Чыгыш элдеринин дастандары да кеңири тарап, таланттуу акындарыбыз өзүбүздүн улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу м-н жаратышкан варианттарынын да орун алгандыгында. Өзгөчө, кенже эпостордун ж-а элдик поэмалардын көркөмдүк өзгөчөлүгү алардын жаралыш дооруна, тарыхый инсандарга байланыштуу кызыктуу ил. пикирлер да берилген.4-том – «Байыркы орток жана кол жазма адабияты» деп аталат. Мында жазма мад-тыбыздын тарыхы көп кылымдарга нары жылдырылып, кыргыз элине тиешеси жок деп саналып келген авторлор м-н чыгармалар – Ж. Бала-агуни, М. Кашгари, Бабур ж. б. чыгармалары кыргыз элине канчалык деңгээлде тиешеси бар экендиги, Орхон-Енисей жазма булактарынын адабий аспектилери алгачкы жолу мол материалдардын негизинде ынанымдуу, системалуу анализденген. Ал эми Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Алдаш Молдо өңдүү жазгыч акындар портреттеринин улай берилиши – жазма ад-тыбыздын эволюциясын көрсөтөт. 4-томдун жаңычылдыгы жазма ад-тыбыздын масштабынын кеңейтилиши, төкмө ырчылар м-н жазгыч акындарды бирге эмес, алардын ортосундагы көркөм айырмачылыкты бергендиги м-н мүнөздөлөт. 5-том – «Эл ырчылары» деп аталат. Акындык поэзия бизде эң күчтүү өнүккөн. Бирок идеологиянын кесепетинен ага да эки түрдүү көз караш м-н карап, «реакциячыл», «бай манапчыл» ж-а «демократтар» деп бири-бирине карама-каршы коюлуп келген. Бул саясаттан улам таңууланган жаңылыш «Тарыхтын» барагынан гана ар бир төкмө ырчынын өзүнө таандык поэтикалык бөтөнчөлүктөрү, жеке чыг-лык тагдыры, филос. ой жүгүртүүлөрү бузулбай, бурмаланбай, үзүлбөй, кеңири чагылдырылган. Легендарлуу ырчылар – Токтогул ырчы, Кет Бука, Асан Кайгыдан тартып, бүгүнкү күнгө чейинки таланттардын чыг-лыгы объективдүү өз баасын алып отурат. Калыгул, Арстанбек, Боогачы, Казыбек ж. б. таланттардын чыг-лыгы социалдык-саясий, филос.-нравалык проблемалары чечмеленет. 6-том – «20-кылымдын адабияты (20–60-жылдар)» деп аталат. Кыргыз профессионалдык жазма адтынын тарыхындагы жаңы ысымдар – К. Тыныстанов, С. Карачев, О. Лепесов, Б. Кененсариев ж. б. орун алган. Булардан тышкары 30дан ашуун акын-жазуучулардын чыг-лык портреттери киргизилип, алардын чыгармалары социалисттик реализмдин, партиялуулук принцибинин алкагынан эркин талданган, кыргыз жазма адтын өнүктүрүүдө ээлеген орундары, салымдары аныкталат. Сов. турмуштун алардын чыг-лыгында, жалпы эле улуттук профессионалдык жазма ад-тыбыздын калыптанышында аткарган маанилүү ролу ж-а ошол эле учурда идеологияга, саясатка байланыштуу жаңылыштыктар, аша чабуулар да болгондугу объективдүү айтылган. 7-том – «20-кылымдын адабияты (60–80-жылдар)» деп аталат . Бул том бекеринен Ч. Айтматовдун чыг-лык портрети м-н ачылбайт. Анткени, кыргыз ад-тынын жаңы көркөм-эстетикалык баскычка көтөрүлүшү ушул ысым м-н тыгыз байланышта. Анын чыг-лык ад-ттын бардык жанрында калем кармаган жаштарга өз таасирин тийгизип, жаңыча изденүү, умтулуу күч алган. Натыйжада Ө. Даникеев, М. Гапаров, К. Осмоналиев, К. Жусубалиев, А. Саспаев, О. Султанов, Б. Жакиев, М. Байжиев, К. Акматов, К. Жусупов, Т. Кожомбердиев, Ж. Мамытов кыргыз окурмандарын гана эмес, союздук окурмандарды тамшанткан, көркөмдүк деңгээли жогорку чыгармаларды жаратышкан. Ад-тыбыздын «жаңы генерациясы» деп айтылган бул муун биринчи жолу «Кыргыз адабиятынын тарыхынан» портреттик планда татыктуу орун алды. 2012-ж. бул томдукка «Кыргыз адабият таануу илими» деген 2 том кошулуп, «Кыргыз адабиятынын тарыхы» деген ат м-н 9 томдук чыкты.