«КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНЫН ТАРЫХЫ» – кыргыз адабиятынын тарыхына арналган 7 томдон турган фундаменталдуу эмгек. КР УИАнын азыр­кы Ч. Айтматов атындагы тил жана адабият институтунда даярдалып (А. Акматалиевдин жалпы редакциясы алдында) жарык көргөн (2003). КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлы­гына татыктуу болгон (2004). Бул эмгекте кыр­гыз көркөм сөз өнөрүнүн өнүгүш тарыхы, табияты туурасында кеңири хронологиялык-эволю­циялык мүнөздөгү системалуу жана комплекстүү иликтөөлөр камтылат. Анда алгач өнүгүүнүн төмөнкү баскычтарында анимисттик-тотемдик түшүнүктөргө байланыштуу өнүккөн, оозеки чыгармачылыктын бир бутагы болгон кыргыздын ырым-жырым, дарым, эмгек ырларынан тартып бүгүнкү дүйнөлүк адабият менен канатташ шартта жогорку көркөмдүк-профессионализм деңгээлин­де жазылган романдарга чейинки өнүгүш процессинин мыйзам ченемдүүлүктөрүнө, жанрдык түрлөрүнө, конкреттүү чыгармаларга жана чыгармачыл инсандардын чыгармачылык ишмердигине ада­бий-илимий анализ берилген. Буга чейин жазылган адабият тарыхтарында, адабият таануу, фольклористика илиминде совет учурунда жаралган про­фессионалдык жазма адабияттын үлгүлөрүн эле эмес, байыртан муундан-муунга мурас болуп өтүп кел­ген элдик оозеки чыгармаларды баалоодо да коомдук саясий чектөөлөргө ылайык алардын көркөмдүк наркы, жалпы адамзаттык маанисин ачып берүүдөн мурун аларга партиялык өңүттөн баа берүү үстөмдүк кылган. Бул жолку адабият та­рыхын жазууда фольклор, байыркы жана кол жазма адабиятыбыздын көптөгөн проблемалары көмүскөдөн чыгарылган. Мурда тескери баа алып келген чыгармаларга, ошондой эле үзүл-кесил изилденгендерге жана жаңы, таптакыр эле изил­денбеген «сырдуу сандыкка» салынып, кулпуланган материалдарга, ысымдарга биринчи жолу объективдүү баа берилип, олуттуу толуктоолор болду. Жети томдуктун 1-тому «Оозеки чыгар­мачылыктын жанрлары» деп аталып, анда эл­дик оозеки чыгармачылыктын эпикалык, лирикалык, дидактикалык жанрдагы чыгармалары кеңири талданган. Академиянын Кол жазмалар фон­дусундагы мурда изилдөөчүлөр сөз кылууга, мисал келтирүүгө батынбаган материалдар да изилдөө объектисине тартылып, кеңири маалы маттар берилген. Бул томдогу «Каада-салт ыр­лары», «Үйлөнүү үлпөт ырлары», «Кошоктор», «Сүйүү ырлары», «Диний ырлар», «Тарыхый ырлар» сыяктуу бөлүмдөр элдин менталитети, тарыхы, этнографиясы, психологиясы, педагогикасы менен комплекстүү түрдө эриш-аркак каралган. 2-том – «Манас жана манасчылар» деп аталат. Буга «Манас» эпосу, «Семетей» эпосу, «Сейтек» эпосу, «Манасчылар», «Манас» эпосун жыйноо, бастыруу, изилдөө маселелери, «Мез­гилдер, муундар, манасчы» деген темадагы изилдөөлөр, эпостун негизинде «Жети осуяттын» маани-маңызын талдаган макала жана жыйырма эки манасчы, семетейчилердин портрети кирген. «Манас» үчилтигин айтуучулардын жана жаратуучулардын хронол. тартипте тизмекте­лип берилиши – улуу мурасыбыздын өсүп-өнүгүүсүнүн таасир, таалим алуу процесстеринин картинасын даана элестетет; чыгармачылык өзгөчөлүктөрү, жалпылыктары ачылат. 3-том – «Кенже эпостор жана элдик поэмалар» деп аталат. Элибиз «Манас» үчилтигинен тышкары да ар түрдүү тематикадагы эпикалык чыгармаларга бай. Бул томдун негизги ил. өзгөчөлүгү – бизге белгилүү болгон «Кожожаш», «Эр Төштүк», «Курманбек», «Олжобай менен Кишимжан», «Жаңыл Мырза», «Жаныш-Байыш» сыяктуу кенже эпосторубуз бир эле варианты эмес, бир нече варианттар салыштырылып анализденгендигинде; ошону менен бирге мурда сөзгө алынбаган Балбай, Шабдан жана башка тарыхый инсандарга арналган чыгармалардын да варианттары эске алынгандыгында, ошондой эле Чыгыш элдеринин дастандары да кеңири тарап, таланттуу акында­рыбыз өзүбүздүн улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен жаратышкан варианттарынын да орун ал­гандыгында. Өзгөчө, кенже эпостордун жана элдик поэмалардын көркөмдүк өзгөчөлүгү алардын жаралыш дооруна, тарыхый инсандарга байла­ныштуу кызыктуу ил. пикирлер да берилген.4-том – «Байыркы орток жана кол жазма адабияты» деп аталат. Мында жазма мадабиятыбыздын тарыхы көп кылымдарга нары жылдырылып, кыргыз элине тиешеси жок деп саналып келген авторлор менен чыгармалар – Ж. Баласагуни, М. Кашгари, Бабур жана башка чыгармалары кыргыз элине канчалык деңгээлде тиешеси бар экендиги, Орхон-Енисей жазма булактарынын адабий аспектилери алгачкы жолу мол мате­риалдардын негизинде ынанымдуу, системалуу анализденген. Ал эми Молдо Нияз, Молдо Кылыч, Алдаш Молдо өңдүү жазгыч акындар портреттеринин улай берилиши – жазма адабиятыбыздын эволюциясын көрсөтөт. 4-томдун жаңычылдыгы жазма адабиятыбыздын масштабынын кеңейтилиши, төкмө ырчылар менен жазгыч акындарды бирге эмес, алардын ортосундагы көркөм айырмачылыкты бергендиги менен мүнөздөлөт. 5-том – «Эл ырчылары» деп аталат. Акындык поэзия бизде эң күчтүү өнүккөн. Бирок идеоло­гиянын кесепетинен ага да эки түрдүү көз ка­раш менен карап, «реакциячыл», «бай манапчыл» жана «демократтар» деп бири-бирине карама-каршы коюлуп келген. Бул саясаттан улам таңуу­ланган жаңылыш «Тарыхтын» барагынан гана ар бир төкмө ырчынын өзүнө таандык поэтикалык бөтөнчөлүктөрү, жеке чыгармачылык тагдыры, филос. ой жүгүртүүлөрү бузулбай, бурмаланбай, үзүлбөй, кеңири чагылдырылган. Легендарлуу ырчылар – Токтогул ырчы, Кет Бука, Асан Кайгыдан тартып, бүгүнкү күнгө чейинки таланттардын чыгармачылыгы объективдүү өз баасын алып отурат. Калыгул, Арстанбек, Боогачы, Казыбек жана башка таланттардын чыгармачылыгы социалдык-саясий, философиялык-нравалык проблемалары чечмеленет. 6-том – «20-кылымдын адабияты (20–60-жылдар)» деп аталат. Кыргыз профессионалдык жазма ад­абиятынын тарыхындагы жаңы ысымдар – К. Тыныстанов, С. Карачев, О. Лепесов, Б. Кененсариев жана башка орун алган. Булардан тышкары 30дан ашуун акын-жазуучулардын чыгармачылык портрет­тери киргизилип, алардын чыгармалары социалисттик реализмдин, партиялуулук принцибинин алкагынан эркин талданган, кыргыз жазма ад­тын өнүктүрүүдө ээлеген орундары, салымдары аныкталат. Советтик турмуштун алардын чыгармачылы­гында, жалпы эле улуттук профессионалдык жазма адабиятыбыздын калыптанышында аткар­ган маанилүү ролу жана ошол эле учурда идеологияга, саясатка байланыштуу жаңылыштыктар, аша чабуулар да болгондугу объективдүү айтылган. 7-том – «20-кылымдын адабияты (60–80-жылдар)» деп аталат . Бул том бекеринен Ч. Айтматовдун чыгармачылык портрети менен ачылбайт. Анткени, кыргыз адабиятынын жаңы көркөм-эстетикалык баскычка көтөрүлүшү ушул ысым менен тыгыз байланышта. Анын чыгармачылык адабияттын бардык жанрында калем кармаган жаштарга өз таасирин тийгизип, жаңыча изде­нүү, умтулуу күч алган. Натыйжада Ө. Дани­кеев, М. Гапаров, К. Осмоналиев, К. Жусубалиев, А. Саспаев, О. Султанов, Б. Жакиев, М. Бай­жиев, К. Акматов, К. Жусупов, Т. Кожомбер­диев, Ж. Мамытов кыргыз окурмандарынын гана эмес, союздук окурмандарды тамшанткан, көркөмдүк деңгээли жогорку чыгармаларды жаратышкан. адабиятыбыздын «жаңы генерация­сы» деп айтылган бул муун биринчи жолу «Кыргыз адабиятынын тарыхынан» портреттик планда татыктуу орун алды. 2012-жылы бул томдукка «Кыргыз адабият таануу илими» деген 2 том кошулуп, «Кыргыз адабиятынын тарыхы» де­ген ат менен 9 томдук чыкты.