КЫЛ БАШ КУРТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЫЛ БАШ КУРТ , т р и х о ц е ф а л (Trichocephalus trichiurus) – мите нематодалар уруусундагы жумуру курт. Уз. 3–5 см, баш жагынын алдынкы бөлүгү арткы бөлүгүнө кара­ганда өтө кууш болуп, ичке кыл түспөл. Эрке­гинин арткы бөлүгү бүгүлүп турат. К. б. к. кан м-н азыктангандыктан, анын алдынкы кыл сымал бөлүгү ичегинин былжыр челине терең кирет. Ал 5–6 жыл жашайт. Жумурткасы челек сымал. К. б. к. адамдын гана митеси, геогельминт. Ээсин алмаштырбайт. Оорулуу адамдын заңы м-н жумурткасы сыртка бөлүнүп чыгып, жер кыртышында жумурткадан личинкалар өөрчүйт. Митенин жумурткасын адам жуулба­ган жер-жемиш, жашылчаларды жегенде, булганган сууну ичкенде жугузуп алат. Адамдын ичегисинде жумурткадан личинка чыгып, ал жыныстык жактан өсүп жетилген куртка айланат. К. б. к. сокур ж-а жоон ичегиде мителик кылат. Трихоцефалёз оорусун козгойт.