КЫЛ БАШ КУРТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЛ БАШ КУРТ , т р и х о ц е ф а л (Trichocephalus trichiurus) – мите нематодалар уруусундагы жумуру курт. Узундугу 3–5 см, баш жагынын алдынкы бөлүгү арткы бөлүгүнө кара­ганда өтө кууш болуп, ичке кыл түспөл. Эрке­гинин арткы бөлүгү бүгүлүп турат. Кыл баш курт кан м-н азыктангандыктан, анын алдынкы кыл сымал бөлүгү ичегинин былжыр челине терең кирет. Ал 5–6 жыл жашайт. Жумурткасы челек сымал. Кыл баш курт адамдын гана митеси, геогельминт. Ээсин алмаштырбайт. Оорулуу адамдын заңы м-н жумурткасы сыртка бөлүнүп чыгып, жер кыртышында жумурткадан личинкалар өөрчүйт. Митенин жумурткасын адам жуулба­ган жер-жемиш, жашылчаларды жегенде, булганган сууну ичкенде жугузуп алат. Адамдын ичегисинде жумурткадан личинка чыгып, ал жыныстык жактан өсүп жетилген куртка айланат. Кыл баш курт сокур ж-а жоон ичегиде мителик кылат. Трихоцефалёз оорусун козгойт.