КЫЗЫЛЧА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫЗЫЛЧА (Beta L.) – шакардуулар тукумундагы эки жылдык өсүмдүк уруусу. Жапайы К-нын 15тей түрү Батыш Европа, Батыш Азия, Жер Ортолук деңиз боюнда, Индияда кездешет. Эгилме К. кадимки галофит К-сынан таралган.
Ал б. з. ч. 1,5–2 миң жыл мурда Ассирия, Вавилония, Иран, Арменияда жашылча, дарыдармек өсүмдүгү катары өстүрүлгөн. Кадимки К-нын 1-жылы азык-тамыры ж-а топтошкон жөнөкөй ири жалбырактары чыгат. 2-жылы гүлдөп, урук байлайт. Гүлү эки жыныстуу, жашыл же агыш. Курт-кумурска ж-а шамал аркылуу кайчылаш чаңдашат. Бүчүр сымал мөмөсү
2–6дан биригип өсүп, ичинде уруктары болот.
Эгилме К-нын түрчөлөрү: жалбырагы жашылча катары пайдаланылуучу жалбырак К. же мангольд К-сы ж-а кадимки азык тамыр К. (аш кызылчасы, кант кызылчасы, тоют кызылчасы). К-нын үрөндук уругун өстүрүүнүн 2 жолу бар; 1) кайра отургузуу жолу. К-нын биринчи жылкы майда азык тамырын күзүндө казып алып, талаанын четиндеги аңга көөмп сактайт. Жазында иргеп, талаага отургузулат да, уругу алынат; 2) «түз», б. а. кайра отургузбастан түшүм алуу жолу. Мында жайында, күзүндө талаага К-нын уругу себилет. К. өсүп чыгып, 5–8 жуп жалбырак байлап, кыш келгенде өсүшүн токтотот. Кийинки жылы талаадагы өсүмдүк кайра жанданып, гүлдөй турган сабагы өсүп чыгып, урук берет. Мында продукциянын өз наркы төмөн болуп, а. ч. жумуштарын механикалаштырууга ыңгайлуу келет. Бул ыкма кышы жумшак зонада (Кырг-ндын Чүй өрөөнү) колдонууга ылайыктуу.