КЫЗЫЛ-ТОКОЙ ГЛАУКОНИТ КЕНИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КЫЗЫЛ-ТОКОЙ ГЛАУКОНИТ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-нунда, Эчкилүү тоосунун түндүгүндө, Сумсар шаарчасынан 20 км түн. тарапта, деңиз деңг. 1200 м бийикте. Олигоцен мезгилиндеги чополуу катмарлардан калыңдыгы 2,5–3 мден 10 мге жеткен жашыл, мала кызыл түстөгү глаукониттүү кумдук кабаты табылган. Кабат участканын өзүндө 2,5 кмге, участкадан тышкары 15,5 кмге созулуп жатат. Өлчөмү 0,2–2,3 мм глауконит бүртүкчөлөрү кумдуктагы чополуу цементте 20–80%ти түзөт. Болжолдуу ресурсу 2 млн т.