КЫЗЫЛ-ТОКОЙ ГЛАУКОНИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫЗЫЛ-ТОКОЙ ГЛАУКОНИТ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-нунда, Эчкилүү тоо­сунун түндүгүндө, Сумсар шаарчасынан 20 км түн. тарапта, деңиз деңг. 1200 м бийикте. Олигоцен мезгилиндеги чополуу катмарлардан калыңдыгы 2,5–3 мден 10 мге жеткен жашыл, мала кызыл түстөгү глаукониттүү кумдук каба­ты табылган. Кабат участканын өзүндө 2,5 кмге, участкадан тышкары 15,5 кмге созулуп жатат. Өлчөмү 0,2–2,3 мм глауконит бүртүкчөлөрү кум­дуктагы чополуу цементте 20–80%ти түзөт. Болжолдуу ресурсу 2 млн т.