КЫЗЫЛ-ЖАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЫЗЫЛ-ЖАР – Таш-Көмүр шаар кеңешине караштуу шаарча (1952-жылдан). Аксы р-нунун аймагында. Таш-Көмүр ш-нан 25 км түш.-батыш тарапта. Үч-Коргон (Өзбекстан) т. ж. бекетинен 25 км. Калкы 2,6 миң (2009). Эки орто мектеп, бала бакча, китепкана, клуб ж. б. бар. Турмуш­тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары, базар, мончо, оорукана, респ. психоневрол. оорукана (1000 орундуу) иштейт.