КЫЗЫЛ-ЖАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫЗЫЛ-ЖАР – Таш-Көмүр шаар кеңешине караштуу шаарча (1952-жылдан). Аксы р-нунун аймагында. Таш-Көмүр ш-нан 25 км түш.-батыш тарапта. Үч-Коргон (Өзбекстан) т. ж. бекетинен 25 км. Калкы 2,6 миң (2009). Эки орто мектеп, бала бакча, китепкана, клуб ж. б. бар. Турмуштиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода жайлары, базар, мончо, оорукана, респ. психоневрол. оорукана (1000 орундуу) иштейт.