КЫЗЫЛГАТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЫЗЫЛГАТ , к ы з ы л б ү л д ү р к ө н (Rubus saxatilis) – өсүмдүктөрдүн роза гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөп. Сабагы көбүнчө ти­кенектүү, бийикт. 30 смдей, жалбырагы үч ача, түктүү, гүлү ак. Мөмөсү сыңар же топтошуп (2–6 кызыл мөмө) чыгат. Евразиянын көлөкөлүү токойлорунда, бадал арасында өсөт. Кырг-нда кездешет. Мөмөсү жегиликтүү келип, андан кыям, пастила, суусундук даярдалат.