КЫЗЫЛ ВОЛЧАНКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КЫЗЫЛ ВОЛЧА́НКА – коллаген ооруларынын бири. Анын оорулуунун жалпы абалына анча таасир тийгизбей, терини жабыркатуучу өнөкөт (тегерек тактар пайда болот) ж-а жалпы (систе­малык) түрү кездешет. Өнөкөт К. в-да теринин кээ бир жери кызарып, агыш-бозомук түрпүчөлөр м-н капталып, акырындык м-н чоңоюп, кийинчерээк алардын ортосундагы тери жука­рып, тырык пайда болот. Көбүнчө бет териси, чачтын арасы, кулак жабыркайт. Бул оору көп жыл бою созулуп, жаз, жай айларында күчөйт. Жалпы К. в. көпчүлүк орган ж-а системалардын жабыркашы м-н мүнөздөлөт. Ал кан тамыр ж-а туташтырма тканды системалуу түрдө бузат. Ооруга күнгө күйүү, үшүк алуу, дарылар (антибиотиктер ж. б.), кош бойлуулук ж. б. түрткү берет. Оорулуунун муундары жабыркап, кез-кезде же дайыма ооруп, шишип, кызарат. Ал муун, тарамыштарга да тарайт. Териге түрдүү кызыл чыгып, көпчүлүк оорулуунун чачы түшүп, териси кургап, тырмактары сынат. О. эле жүрөк, өпкө, бөйрөк, көздү ж-а нерв система­сын жабыркатат. Кээде ичеги, карын, лимфа сис­темасынын иши бузулат. Дарылоодо безгекке каршы дарылардын ичинен сезгенүүгө каршы таасир берүүчү синтез жолу м-н алынган дары­дармектер, гормондор, витаминдер, май дарылары ж. б. колдонулат.