КЫЗЫЛ ВОЛЧАНКА
КЫЗЫЛ ВОЛЧА́НКА – коллаген ооруларынын бири. Анын оорулуунун жалпы абалына анча таасир тийгизбей, терини жабыркатуучу өнөкөт (тегерек тактар пайда болот) ж-а жалпы (системалык) түрү кездешет. Өнөкөт кызыл волчанкада теринин кээ бир жери кызарып, агыш-бозомук түрпүчөлөр м-н капталып, акырындык м-н чоңоюп, кийинчерээк алардын ортосундагы тери жукарып, тырык пайда болот. Көбүнчө бет териси, чачтын арасы, кулак жабыркайт. Бул оору көп жыл бою созулуп, жаз, жай айларында күчөйт. Жалпы кызыл волчанка көпчүлүк орган ж-а системалардын жабыркашы м-н мүнөздөлөт. Ал кан тамыр ж-а туташтырма тканды системалуу түрдө бузат. Ооруга күнгө күйүү, үшүк алуу, дарылар (антибиотиктер ж. б.), кош бойлуулук ж. б. түрткү берет. Оорулуунун муундары жабыркап, кез-кезде же дайыма ооруп, шишип, кызарат. Ал муун, тарамыштарга да тарайт. Териге түрдүү кызыл чыгып, көпчүлүк оорулуунун чачы түшүп, териси кургап, тырмактары сынат. Ошондой эле жүрөк, өпкө, бөйрөк, көздү ж-а нерв системасын жабыркатат. Кээде ичеги, карын, лимфа системасынын иши бузулат. Дарылоодо безгекке каршы дарылардын ичинен сезгенүүгө каршы таасир берүүчү синтез жолу м-н алынган дары-дармектер, гормондор, витаминдер, май дарылары ж. б. колдонулат.