«КЫЗ МАКТЫМ»: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
11:26, 20 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
«КЫЗ МАКТЫМ» – түш. кыргыздарда тараган лирикалык дастан. Негизги темасы – эл-журтту калмактардын кысымынан бошотуу. Дастандын окуялары ойрот калмактарынын кыргыздарды эзип турган мезгилине (16–17-к.) туура келет. Поэманын үч варианты тең КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат. Алардын сюжеттик өзөгү, образ системасы бири биринен анча айырмаланбайт. Баш каармандары – Мактым м-н Бегарстан Тайчы. Калмактарга каршы күрөштө Мактымды Бегарстан Тайчы туткунга алып, ага үйлөнөт. Кордолгон Мактым түн жамынып качат. Куугунчуларды айлаамал м-н жолдо өлтүрөт. Бегарстан Тайчы да Мактымдын колунан каза болот. Мактым элине келип, сүйгөнүнө жетет. «Бегарстан Тайчы» аттуу комуз күүсү да дастандын ушул окуясынан улам чыгарылган.
Ад.: Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки. Ф., 1973.